Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Пандемияда Бишкек шаардык сот отурумдары видео конференция аркылуу ѳтүп жатат

29.07.2020 09:26
1167
Пандемияда Бишкек шаардык сот отурумдары видео конференция аркылуу ѳтүп жатат


Бишкек шаарынын сотторунда 2020-жылдын 7-июлунан тартып сот отурумдар видео конференция байланыш аркылуу ѳткѳрүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Мындай иш-чаралар сот системасы тарабынан сот отурумдун катышуучуларынын топтолушун азайтууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ үчүн колдонулуп жатат.

Бир нече күндүн ичинде Бишкек шаарынын соттору жазык жана жоруктар иштер боюнча «дистанциялык сот отурумдар» порталына 141 ишти карап чыгууга ѳтүнүч киргизишкен. Ал иштер боюнча 49 сот отурум ѳткѳзүлгѳн.

Белгилей кетсек, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемеси 2020-жылдын 1-июнунан баштап жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар» порталын ишке киргизген. Портал сот отурумдардын убактысын оптималдуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн иштелип чыккан.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында же жарандын жашаган жерине жакын арадагы сот отурумдары аудио-видеофиксация системасы менен жабдылган сот органдарында видео конференция байланыш аркылуу айыпталуучулардан, күбѳлѳрдѳн, жабырлануучулардан сурак алуу үчүн шарттар түзүлгѳн.

Эскерте кетсек, ЖАМК соттолуучуларды жана соттолгондорду сот залдарына алып келүү аракетин COVID-19 инфекциясынын жайылышына жана пневмония оорусу күчөгөндүгүнө байланыштуу убактылуу токтоткон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн