Пандемиядан улам өзгөчө кырдаал киргизилгенине бир жыл толду. Сырттан келген жана ичтен чогултулган жардамдар тууралуу отчёт барбы?
Учурда Европа мамлекеттеринде коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталганы тууралуу маалыматтар тарай баштады. Мисалы, Австриянын саламаттыкты сактоо министрлиги муну расмий жарыялады. Бир катар өлкөлөрдө карантиндик чаралар кайрадан күчөтүлө баштады. Учкуну Кытайдын Ухань шаарынан тутанып, дүйнөнүн 188 өлкөсүн каптаган пандемиянын качан токтоору дагы деле белгисиз. Дагы канча адамдын өмүрүн алып тынаары жана дагы кандай экономикалык кесепеттерин көрсөтөрү да белгисиз. Ырас, коронавируска каршы вакциналарды даярдап, дүйнө мамлекеттерине сатыкка чыгарып жаткан айрым өлкөлөр үчүн кошумча кирешелердин булагы болуп берип жаткандыр. Бирок, ансыз да экономикасы илең-салаң өлкөлөр үчүн пандемиянын бир жылдан ашык убакыттан бери созулушу кесепеттерин көрсөтө баштады. Дүйнө мамлекеттерин кымбатчылык каптады. Азык-түлүк коопсуздугу маселеси жаралды. Пандемия Кыргызстандын экономикасына да, карапайым элдин жашоосуна да капшабын катуу тийгизди.
Өткөн жылдын 22-мартында Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 14кө жеткенде, кыргыз өкмөтү өлкөдө өзгөчө кырдаалдарды киргизүү тууралуу буйрук чыгарган. Андан бери туура бир жыл убакыт өттү. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин пандемия шартында Кыргызстанга сырттан канча суммада гранттык жана кредиттик негизде жардамдардын келгени, алардын кандай максатта жумшалганы тууралуу элге отчет бериле элек. Сырттан келген жардамдардан тышкары дагы өзүбүздүн ишкерлердин, катардагы жарандардын демилгеси менен каражаттар чогултулган. Алар да максаттуу пайдаланылдыбы? Суроонун жообу азыркыга чейин жок.
Өткөн жылдын июнь айынын орто чендеринде эле Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн эл аралык финансылык институттардан 300 миллион доллардын тегерегинде каражат алганы белгилүү болгон. Дагы ошончо суммадагы каражаттын күтүлүп жатканы да кабарланган. Мисалы, Азия өнүктүрүү банкы 65 миллион доллар кредит түрүндө, дагы 20 миллион доллар долбоордук жардам түрүндө берери айтылган. Европа союзунун жардамы 33,9 миллион доллар болушу мүмкүн экени, Германия банкы мамлекеттеги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн 30 миллион доллар берери маалымдалган.
Кыргыз өкмөтү жана республикалык штаб дагы covid-19 менен күрөшүү үчүн акча чогултууга эсеп ачкан. Ага да кыргызстандык ишкерлерден, катардагы жарандардан миллиондогон каражаттар которулган. Мындан сырткары 1 миллиард 686 миллион сом мамлекеттик бюджеттен каралган.
Эл аралык уюмдар акча каражаттарынан тышкары хирургиялык бет каптарды, кол каптарды, халаттарды, коргоочу көз айнектерди, өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттарды берген. Коңшулаш Өзбекстандан да Баткенге медиктер үчүн 500 даана коргонуучу каражаттардын комплектиси келген.
Айтор, мындай сырткы жана ички жардамдардын суммасы жетишээрлик ири көлөмдө болду. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ал жардамдардын так суммасы канча болгону, канчасы кредит, канчасы грант түрүндө экени айтыла элек. Анан дагы алардын кандай багытта сарпталганы тууралуу маалыматты эл уккусу келип турат.
Пандемиянын айынан киргизилген карантин өлкө экономикасын да каржалтты. Өткөн жылдын март айында өлкөдө ИДПнын 1,5%ка өсүшү байкалган. Бирок, андан кийин карантин киргизилгенине байланыштуу 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында ИДП 5,3%ка төмөндөп кеткен.
Каргашалуу июль айынан кийин, августта кыргыз өкмөтү өзүнүн кайраттуу пландарын түзө баштаган. Күз мезгилинин башында кичи жана орто бизнестер активдүү ишин баштагандай болгон. Бирок, октябрь айында өлкөдө парламенттик шайлоодон кийинки кырдаал курчуп, бийлик алмашты. Октябрь айы ичи дээрлик тынч болгон жок. Натыйжада ИДП кескин төмөндөдү. 2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча рекорддук 8,1% төмөндөө болду.
Эми коронавирустун үчүнчү толкуну өлкөбүзгө кирип келсе эмне болот? Эл аралык финансылык институттар өткөн жылдагыдай миллиондогон суммадагы жардамдарын көрсөтөбү? Көрсөтсө дагы алар максаттуу пайдаланылабы? Ишенүү кыйын. Себеби, буга чейинки көрсөтүлгөн жардамдардын отчетун угуп, көрүп, анан кийин гана кийинки жардамдардын максаттуу пайдаланыла турганына ынанса болот. Ошондо качан отчет берилет?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн