Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пандемияда каза болгон 1,5 миң адамдын өлүмүнө ким жооп берет?, - депутат

03.09.2020 12:16
1709
Пандемияда каза болгон 1,5 миң адамдын өлүмүнө ким жооп берет?, - депутат


Пандемия учурунда каза болгон адамдардын өлүмүнө жооптуу өкмөт мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 3-сентябрындагы жыйынында депутаты Жанар Акаев билдирди. 


Анын айтымында, административдик ресурсту колдонгон жетекчилер айыпка жыгылып, кызматынан алынышы керек. 


"Пандемия учурунда дарыгерлерди баатырга теңедик. Аларга алкыш айттык. Бирок, азыр аларга "паспортторуңарды чогултуп, адамдарды каттоого тургузасыңар", деп кордоп жатабыз. Мага ондогон дарыгерлер кайрылып жатышат. Административдик ресурсту колдонгон жетекчилер айыпка жыгылып, кызматынан алынышы керек.


Кубатбек Боронов премьер-министр болордун алдында "бир дагы өкмөт мүчөсү шайлоого кетпейт" деп айтты эле. Пандемияны басам деген вице-премьер-министр баш болуп премьер-министрдин сөзүн укпай шайлоого кетишти. Пандемия башталгандан бери каза болгон 1500 адамдын өлүмүнө ким жооп берет?", - деди депутат. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Чынара
Туура эле элдин ойун, нааразысын билдириптир.
Калдар
Бизде качандан бери жооп берип атышты эле ? Каныбызда бай - манаптык бар , бай - манаптар оздорунун кулдары учун жооп берчи беле...