Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Пандемияга карабастан айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти, - Эркинбек Чодуев

07.08.2020 15:14
1204
Пандемияга карабастан айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти, - Эркинбек Чодуев


Пандемия шартына карабастан, айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти, деп билдирди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.


Анын айтымында, буудайдын себилиши өткөн жылга караганда 7,5 миң гектарга жана арпанын себилиши 11,2 миң гектарга көп болду. Бул буудайдан 2 центнерге жана арпадан 1,8 центнерге көбүрөөк түшүм алуу дегенди билдирет.


“Мисалы, өткөн жылы 601 миң тонна буудай алсак, быйыл 680 миң тонна алууну пландап жатабыз», - деп билдирди Эркинбек Чодуев. 


Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилген: Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна донорлордун жардамы менен 3 түрдүү жеңилдетилген насыялар гранттык түрдө берилген.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн