Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Пандемияга каршы күрөшүүгө кыргыз ырчылары да салым кошуп жатабыз, - Сыймык Бейшекеев

14.07.2020 11:03
2169
Пандемияга каршы күрөшүүгө кыргыз ырчылары да салым кошуп жатабыз, - Сыймык Бейшекеев


Кыргызстандагы маданий ишмерлер биригип, пандемиянын оор кесепеттеринен чыгуунун жолун издеп жатышат. Бул тууралуу ырчы, КР эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде билдирди.


“Өнөр адамы катары эмес, өлкөнүн атуулу катары жөн жатпастан колдон келген салымыбызды кошолу деп, чет мамлекеттен жөнөтүлгөн дары-дармек жана медициналык жабдыктар боюнча  гуманитардык жардамдарды ооруканаларга, күндүзгү жана түнкү стационарларга бөлүштүрүп берүү иш аракеттерин жүргүзүп жатабыз. Биздин командада өз ыктыяры менен жардам берип, мага көмөкчү болуп жаткандардын көбү жаш ырчылар”, - деди Сыймык Бейшекеев.


Анын айтымында, бул жардамдар океандын ары жагында, АКШда жашаган кыргыз мекендештеринен келип жатат. Алар ар тараптан жардам көрсөтүп, эки күндүн ичинде 70ге жакын кычкылтек концентраторун салып жиберишти. Бул аппараттар Бишкектеги ооруканаларга жана аймактарга бөлүштүрүлүп берилди.   

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн