Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Пандемияга жеткиликсиз даярдык жана уурдалган миллиондор үчүн ким жооп берет?

08.12.2020 10:55
707
Пандемияга жеткиликсиз даярдык жана уурдалган миллиондор үчүн ким жооп берет?


2020-жыл бүткүл дүйнө жүзү боюнча өтө оор жыл болуп калды. Күтүлбөгөн жерден пайда болгон коронавирус пандемиясы 188 мамлекеттин шайын оодарды. Алардын катарында Кыргызстан үчүн да өтө оор болду. Белгилеп кете турган жагдай, коронавирустун жай айларында күчөп турган маалындагы статистика боюнча Кыргызстан жоготуулар (адам өлүмү) боюнча алдыңкы орунга чыкты. Июль айында күнүнө орточо эсеп менен 30-40 мекендешибизди жоготуп жаттык. Бул аты жаман оору адамдын байлыгына да, бийлигине да, атак-даңкына да карабай турганын көрсөттү. Кудай да сактанганды сактайм дептир. Ал эми Кыргызстан коронавирустан сактануу үчүн жеткиликтүү даярдык көрбөгөнү ошол жай айларында эле ачык билинди.


Апрель-май айларында дээрлик эки айга чукул убакыт өлкөбүздүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилип, карантинде жаттык. Мамлекеттик мекемелер да онлайн иштөөгө өттү. Карантиндин капшабы бизнеске залакасын тийгизди. Ошого жараша мамлекет экономикасы да өтө оор сокку алды. Салык, бажы төлөмдөрү солгундады. Карапайым адамдар үчүн да оор болду. Күнүмдүк каражатын күнүнө таап оокат кылып келгендер тамак-ашсыз калган учурлары болду.


Батирде жашагандар батир акысын төлөй албай калды. Албетте мунун баары аргасыздан жасалган кадам эле. Калктын саламаттыгы үчүн жасалды. Бирок, тилекке каршы ошол карантин маалында коронавирус менен күрөшүү жаатындагы милдеттенмелерди алган чиновниктер чыныгы шалаакылыктарын көрсөттү. Республикалык штаб күнүнө канча адам жуктурганын жана коменданттык сааттын талаптарын канча адам бузганын күнүнө телевидение аркылуу кабарлап гана отура беришкени билинди. Ошол эле убакта алар оору күчөп кетсе, оорулууларды жайгаштыруу үчүн кошумча койко-орундарды, керектүү дары-дармектерди, бет каптарды, медициналык жабдууларды даярдап коюу жагын унутушканы көрүндү. Алтургай бейтаптарды дарылай турган медицина кызматкерлери үчүн атайын кийимдер да жеткиликтүү даярдалбаптыр. Натыйжада карантинден кийин оору күчөп, оорулуулар менен алышкан врачтар, медайымдар да вирусту жуктуруп алып жатышты. «118» кызматына телефон чалып байланыша албаган жарандарыбыздын арыз-армандары көп айтылды. Ооруканага жетпей жолдо каза болуп калгандар болду. Дарыканаларда керектүү дары-дармектердин баасы 3-4 эсеге кымбаттады. Бет кап тартыштыгы күчөдү. Дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттар да жетишсиз экени билинди.


Натыйжада адамдар боо-боо болуп кулап, жарыкчылык дүйнө менен кош айтышып жатты. Ошол июль айындагы оор жоготуулар – аларды дарылоо курсунун туура эмес болгонунун натыйжасы болгону да азыр айтыла баштады. Демек, саламаттыкты сактоо министрлиги да чет мамлекеттердин бизге чейинки тажрыйбаларын анализдеп, туура чечим чыгара алышпаган экен.


Мындан сырткары ошол оор күндөрдө коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга эл аралык донорлордон баш-аягы 300 миллион доллар келгени июль айында эле айтылган. Андан тышкары дагы ошончо суммадагы акча каражаты келиши күтүлүп жатканы айтылган. Муну ошол убактагы өкмөттүн пресс-кызматы расмий билдирген. Бүгүнкү күнгө чейин ошол каражаттардын кандай муктаждыктарга жумшалганы боюнча эч ким отчет берелек.


Эгерде бул шалаакылыктар үчүн жоопкерчилик каралбаса, анда биздин өлкөдө эч качан оңолуу болбойт. Улам жаңы шалаакылыктарга жол ачыла берет. Жоопкерчилигин эч ким тартпайт. Андыктан ошол убактагы республикалык штабды жетектегендер, саламаттыкты сактоо министри жана башка бардык тиешелүү чиновниктердин жоопкерчилиги каралышы керек. Эл да ошону күтүп турат.


Сагынбек Сатыкеев


 

 

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Еч ким жооп бербейт .Бизде соодалашса кутулуп кетет.