Covit-19 пандемиясы кеңири тараган мамлекеттердин жана аймактардын ичинен 5 өлкө аталган дартты жеңип келе жатканы байкалды.
Алар: Түштүк Корея, Тайван, Сингапур, Гонконг жана вирустун очогу болгон Кытай Эл Республикасы. Айрым Азия мамлекеттеринде бул илдет менен каршы күрөшүүдө 2002-2003-жылдарда пайда болгон пневманияга каршы турууда кабыл алынган чечимдер жана саламаттык сактоонун улуттук системасын өзгөртүп түзүү тажрыйбалары түрткү болду.
Эки күн айырмаланып, Тайван, Гонконг жана Сингапур 20-январдан тарта илдетке каршы чаралардын 3 тобун колдонду. Анын айрымдары Россияда киргизилди. Биринчиден, вирусту жуктурган өлкөлөр менен аба каттамдар токтоду. Экинчиден, милдеттүү карантин жарыяланды жана муну менен катар социалдык байланыштарды, карым-катнаштарга тыюу салынып, адамдардын бири-биринин ортосунда аралык сакталышы керектиги, гигиенаны сактоо эрежелери талап кылынды. Ошондой эле дартты жуктургандарды тез арада таап, алар менен байланышта болгон адамдарды тездик менен аныктап, өз маалында коомчулуктан алыстатууга жетишкен.
Тайван
Тайван өз алдынча суверендүү мамлекет болууга талапкер болуп жаткан Кытайдын альтеранивдүү республикасы. Тайванда 135 гана киши коронавирус жуктуруп, эки эле адам көз жумган. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу илдетти ооздуктоого эң эле эрте киришти. Анткени 2003-жылдагы эпидемиянын жайылышына каршы күрөшүүдө бирдиктүү борбор түзүлгөн. Ошондуктан 2020-жылдын башында эле коронавирус илдетине каршы туруу чараларын мыкты өздөштүрүп, маалыматты убагында жеткирип, вирустун таралышын убагында алдын алып калышты. Ошондой эле, беткап даярдап чыгуу жагынан да өзгөчө аракеттерди жасашты. Калкы 23 млн болгон тайвандыктар бир күндө 1 млн бет кап өндүрүп жатат.
Сингапур
Бул мамлекет 2000-жылы да SARS эпидемиясын башынан өткөргөн. Сингапур жугуштуу оорулар менен каршы күрөшүүдө тажрыйбалуу мамлекет катары коронавируска каршы чараларды өз убагында кабыл алды. Кытай жаңы вирус пайда болгондугу тууралуу маалымат тараткандан 3 күн өтпөй Сингапурда да катуу чаралар көрүлө баштады. Коронавирус катталган биринчи учурдан баштап дароо Ухань менен болгон аба каттамды токтотуп, бул шаардан келген жарандарды обочо кармап баштады. Ошондой эле чет жактан келген жарандардын дене табын текшерүү аракеттери башталды. Жалпысынан катуу чаралар колдонулду – массалык тестирлөө, карантин, жуктургандар менен байланышта болгон адамдарды аныктоо жагынан күчөттү.
Гонконг
Ухань шаарынан 900 чакырым алыстыкта жайгашкан. Коронавирусту тез арада аныктоочу тесттер иштелип чыгып, ири ооруканалардын бардыгында жеткирилди. 12 миң адам карантинге алынды жана алар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча активдүү аракеттер көрүлдү. 7,5 млн калкы бар бул шаарда ооруканага кошумча 40 миң орун даярдалган, анын 1200 орунуна гана жаткырылган.
Түштүк Корея
Бул мамлекет Тайвандан эки эсе чоң өлкө. Аларда 8 897 учур катталып, 104 адам каза тапты. Бул өлкөнүн президенти Му Чжэ Ин Уханда оору катталган күндөн баштап эле аба каттамды токтото алган эмес. Себеби Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий иш сапары күтүлүп жаткан. Ошондой эле Кытай Түштүк Корянын ички товар жүгүртүүдөгү негизги өнөктөшү, бул өлкөгө келген туристтердин жарымы Кытайдан агылган туристтер болуп саналат. Түштүк Кореянын эли бул оорунун жайылып кетишин президентинин чечкинсиз кадамдарынан болду деп эсептейт жана анын отсавкасын талап кылып чыккандар да болду. Себеби президент Кытай төрагасы Си Цзиньпинге көз каранды деп эсептешет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн