Кулжа 14, 2024
Убакыт: 16:16
USD
87.10
88.00
EUR
94.10
95.10
RUB
0.955
1.000

Пандемиянын кесепетинен 60 млн адам жакырчылыкка кабылышы мүмкүн

20.05.2020 09:19
856
Пандемиянын кесепетинен 60 млн адам жакырчылыкка кабылышы мүмкүн


Коронавирус илдетинен улам дүйнө жүзү боюнча 60 миллионго жакын адам жакырчылыкка кабылышы мүмкүн. Мындай пикирин Бүткүл дүйнөлүк банктын президентти Дэвид Мэлпас билдирген.


Анын айтымында пандемия жана өнүккөн экономиканын токтоп калуусу 60 миллионго жакын адамды жакырчылыкка кабылтат. Буга чейин жакырчылык менен күрөшүүдө жеткен ийгиликтерди жокко чыгарып, кыйынчылыкты күчөтөт.


Мындан сырткары, экономикалык өсүүнү кайтаруу үчүн тез жана ийкемдүү түрдө өзгөчө кырдаалга көңүл буруу керектигин, калктын жакыр катмарына жардам көрсөтүү зарылдыгын, акчалай да жардам берип, жеке тараптарга көмөк көрсөтүп жана экономиканын туруктуулугун бекемдөө керектигин айткан.


Ошондой эле, Дүйнөлүк банк пандемияга каршы күрөшүүдө 100 мамлекетке жардам бергени, ал өлкөлөр планетанын 70 пайызын түзөрүн билдирген.


Дүйнөлүк банк соңку 15 ай ичинде өнүккөн өлкөлөргө грант түрүндө 160 миллиард доллар бөлгөн. Аны коронавирустун кесепетинен жаралган абалды жөнгө салуу үчүн насыя жана инвестицияга колдонушкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн