Ооганстанда талибандардын карамагына өтпөгөн жалгыз Панджшер провинциясында Ахмад Масуд жана Амрулла Салехтин аскерлери 300 талибанды жок кылды. Бул тууралуу BBCнин Ооганстандагы журналисти билдирген.
Маалыматка ылайык, талибандар Панджшер провинциясын талибандардын карамагына өткөрүү үчүн миңдеген аскерлерин жөнөткөн. Бирок аймакка кирерде талибандар буктурмага туш келип, 300 аскеринен айрылган.
Эскерте кетсек, 22-августта Панджшер провинциясы талибандардын карамагына өтпөгөн жалгыз провинция.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн