Чын курандын 03, 2025
Убакыт: 03:14
USD
86.60
87.10
EUR
93.40
94.40
RUB
1.015
1.050

Панфилов паркындагы аттракциондордун иши токтотулду

01.04.2025 16:08
75
Панфилов паркындагы аттракциондордун иши токтотулду


Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бактагы аттракциондордун иши убактылуу токтотулду. 


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 31-мартта аттракциондон кыздын кулап түшкөн окуясынан кийин аттракциондун ээсине 35 миң сом өлчөмүндө айып салынды. 


Ошондой эле атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, мэриянын, Биринчи май районунун акимчилигинин жана укук оргоо органдарынын өкүлдөрү кирди. 


Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка аттракциондун эки коопсуздук курунун үзүлүп кеткени себеп болгон. 


1-апрелден тарта сейил бактагы бардык аттракциондордун иши убактылуу токтотулду. 


Учурда аттракциондордун техникалык абалын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. 


Акыркы маалымат окуянын келип чыгуу себептери жана ага түрткү болгон жагдайлар толук аныкталгандан кийин берилери айтылды. 


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык кызматы бул окуяга терең тынчсыздануусун билдирип, шаар тургундарынын коопсуздугу биринчи орунда экенин баса белгиледи.


Жабыркаган кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул окуя боюнча Ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн