Чүйдө 11 жашар баланын жансыз денеси сарайдан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 5-мартта, Панфилов районунун, Чалдовар айылында болгон. Милицияга ошол күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 11 жашар баланын жансыз денесин алып келишкени кабарланган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө баланын денеси сарайда асылып турган жеринен табылганы белгилүү болгон. Учурда тийиштүү экспертизалар дайндалып, иликтөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн