Теке 08, 2024
Убакыт: 01:30
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Панфилов районунда атышуудан эки адам жаракат алды

27.07.2021 11:10
992
Панфилов районунда атышуудан эки адам жаракат алды

Панфилов районунда травматикалык тапанча менен эки адамды атты деп шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.


24-июль күнү Панфилов райондук милициясына 30 жаштагы И.А. жана 24 жаштагы Ш.Т. аттуу эки адам ок жеп аймактык ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Териштирүү учурунда жабырлануучулар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш жаран менен урушуп кетип, андан улам ок жегени маалым болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталаган.


Натыйжада окуяга катыштыгы бар деген шек менен 41 жаштагы К.Н. атуу киши кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми куралы алынган. Учурда жаңжалдын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн