Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Панфилов районунда киши өлтүрүүгө шектелип 35 жаштагы жаран кармалды

Панфилов районунда киши өлтүрүүгө шектелип 35 жаштагы жаран кармалды

Чүйдүн Панфилов районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 11-январда болжол менен саат 01:46да Кайыңды шаарындагы батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өзүгү аныкталып, ал 34 жаштагы А.К. экендиги такталган. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталган.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.


Ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 35 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн