Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Панфилов районунда мас айдоочунун айынан бир адам каза болду

Панфилов районунда мас айдоочунун айынан бир адам каза болду



 Панфилов районунда мас айдоочунун айынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалым болгондой, 20-август күнү Панфилов районунда Бишкек-Чалдовар жолунун 80-чакырымында, 1971-жылы туулган П.Е. башкарган Опель-Омега автоунаасы жана 1979-жылы туулган К.К. башкарган Киа автоунаасы сүзүшкөн. Кагылышуудан айдоосу 1979-жылы туулган К.К. алган жаракатынан  каза болуп калган.


Айдоочу П.Е. мас абалда болгон, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.   

Аталган окуя боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 312-статьясынын 4-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу, алкоголду колдонуудан келип чыккан мас абалында) менен кылмыш иши козголгон. 


Айдоочу 1971-жылы туулган П.Е. КР ЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык кармалып убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. 

Тергөө уланып жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн