Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:28
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Панфилов районунда ок-дары жана куралдар табылды

10.06.2021 14:28
825
Панфилов районунда ок-дары жана куралдар табылды

Чүй облусундагы Панфилов районунун аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.


"Кароосуз калган үйдө жайгашкан жашыруун жерден, 9 мм Макарова тапанчасы магазини жана 10 огу менен, чет өлкөдө чыгарылган белгисиз 8 мм тапанча, 1 даана кесилген мылтык. 2 даана мергенчилик куралы, 12 жана 16 калибр менен 2 сылмакай курал 8 огу менен, сигналдын күйүшү боюнча 1 даана реактивдүү сигналдык, 1 даана мергенчилик бычак, 1 даана кара түстөгү бет кап табылды", - деп жазылат маалыматта.


Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн