Панфилов районунда тоноочулук фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-апрель күнү Панфилов РИИБүнө 1961 жылы туулагн С.А., жаран арыз менен кайрылган. Анда 23-апрел күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында бейтааныш адамдар эч себепсиз уруп телефонун жана акча каражаттарын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Панфилов РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шетелип 1971-жылы туулган С.Н., атту кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн