Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Панжшердеги Парян аймагы талибдерден толугу менен тазаланды

05.09.2021 14:48
985
Панжшердеги Парян аймагы талибдерден толугу менен тазаланды


Ооганстандын Панжшер провинциясындагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн өкүлү Фахим Дашти билдиргендей, каршылык көрсөтүү күчтөрү провинциянын чыгышындагы Парян тоолуу аймагын кайрадан көзөмөлгө алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Буга чейин талибдердин өкүлү Билал Карими талибдер провинциянын эң чоң району Парянды басып алганын билдирген. Анын айтымында, төрт район талибдердин көзөмөлүнө өткөн - Шутал, Аннаба, Парян жана Хинж. Ал талибдер провинциянын борборун көздөй жылып жатышканын кошумчалаган. Ошол эле учурда, Каршылык көрсөтүү фронту Паряндын басып алганын тууралуу маалыматты четке какты.


"Панжшер провинциясынын Парян аймагы талибдерден толугу менен тазаланды. Кеминде миң террорист блокадага алынды. Бардык согушкерлер качып кетүү жана чегинүү процессинде каршылык көрсөтүү согушкерлери тарабынан өлтүрүлгөн же туткунга алынган. Туткундардын көбү чет өлкөлүктөр, көбүнчө пакистандыктар ", - деп жазган Дашти өзүнүн Twitter баракчасына.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн