Ош облусунун Папан суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда 22-май күнү Папан айыл аймагына караштуу Папан суу сактагычына 22 жаштагы эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Ал эми 23-май күнү саат 07:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн