Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:38
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Папан суу сактагычында динозаврлардан башка бардык жаныбарлардын өлүктөрү жатат, - депутат

01.06.2022 11:21
1295
Папан суу сактагычында динозаврлардан башка бардык жаныбарлардын өлүктөрү жатат, - депутат


Папан суу сактагычында динозаврлардан башка бардык жаныбарлардын өлүктөрү жатат. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Депутат президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.


«Алмас Ахунжанович, сиз жазып коюңуз. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндө Папан суу сактагычы бар. Бул суу сактагыч Кара-Суу районун, Ош шаарын жана Араван районун ичүүчү суу менен камсыз кылат. Кечээ биздин активисттер ал жакка барышты. Ал жерде Папан суу сактагычында канаттуулардын, иттердин, мышыктардын жана башка бардык жаныбарлардын өлүктөрү жатат, жергиликтүү калк айткандай, динозаврлар гана жок. Анын сыңарындай бөтөлкөлөр жана башка жагымсыз нерселер бар», - деди депутат.


А.Осмонов министрлер кабинетине суу сактагычты тазалоо боюнча протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн