Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Пара алып жаткан жеринен кармалган судья үй камагына чыгарылды

31.10.2023 13:34
330
Пара алып жаткан жеринен кармалган судья үй камагына чыгарылды


Буга чейин пара алуу боюнча кармалган Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов үй камагына чыгарылды. Тиешелүү чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.


Соттун 23-октябрдагы чечими менен Акылбек Адимовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Мурда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тергөөнүн мөөнөтүнө, башкача айтканда 2023-жылдын 17-декабрын кошкондо үй камагына өзгөртүлдү.


Судья 20-октябрда ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн