Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси абактан бошотулду. Бул тууралуу аймактык соттон билдиришти.
Райондук сот акча опузалоого шектелген М. Т. А. аттуу жарандын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 24-ноябрында УКМК аткаминердин кеңешчисин көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар алып жаткан учурда кармаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн