Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пара менен кармалган УКМКнын кызматкери ишинен бошотулду

11.09.2020 09:11
1001
Пара менен кармалган УКМКнын кызматкери ишинен бошотулду


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы (ӨКК) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Н.у.С.га карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка караганда, ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 4-сентябрда Бишкек шаарында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери УКМКнын ӨКК менен биргеликте, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча «Пара талап кылуу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.у.С кармалган.

 

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында УКМКнын кызматкери Н.у.С. беделин түшүргөндүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган. Учурда, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү КРнын алдындагы ЭККМКнын тергөө органдары жүргүзүүдө.

  

Бул кылмыш иши Башкы прокуратуранын, УКМК жана ЭККМК жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн