Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Пара талап кылган УКМКнын алдамчы кызматкери кармалды

Пара талап кылган УКМКнын алдамчы кызматкери кармалды


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иш-чаранын алкагында, акча талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын УКМКнын КККнын кызматкеримин деген “Т.С.К.” аттуу алдамчы кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.


Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган "Т.С.К." Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, КР УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефону (03522) 50849 кайрылыңыздар болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн