Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Пара талап кылгандыгы үчүн мамлекеттик архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

04.03.2021 09:49
757
Пара талап кылгандыгы үчүн мамлекеттик архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан пара талап кылгандыгы үчүн Сокулук районунун аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин Б.Т. атуу жаран кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлккө документтерди каттатуу үчүн андан 30 миң сом талап кылган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлерине чара көрүүнү суранган.


Иш бирдиктүүреестрге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси "Пара талап кылуу" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.


Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн