Ош шаарында пара талап кылууга шектелип милициянын подполковниги Т.Т кармалды.Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Кармалган адам шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы экендиги такталды. Ал түштүк борбордогу базарды көзөмөлдөп турган.
"Кармоо УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Белгилүү болгондой, кечээ нөөмөт бөлүмүнө бир аял келип, Т.Т.га акча берип жиберүүнү суранган. Милиционер райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине алып барып берген. Андан соң Т. Т. жабырлануучудан 17200 сом талап кылган",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн