Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Пархат Тулендыбаев: «Кыргызстандыктарды бул оор күндөрдү ынтымак менен жеңүүгө чакырам"

21.07.2020 10:40
1623
Пархат Тулендыбаев: «Кыргызстандыктарды бул оор күндөрдү ынтымак менен жеңүүгө чакырам"


Коомчулукта парламентке карата "оор учурда эс алууга кетти" деген сын айтылууда. Бул сын депутаттардын баарына тиешелүү эместигине, арасында эл аралап иш үстүндө жүргөндөрү да бар экенине Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев менен маектешип жатып ынандым.


- Пархат мырза, саламатсызбы! Сѳзүбүздү коронавирус илдетин жеңүүгѳ кошуп жаткан салымыңыздан баштасак. Аз күн мурда өз колуңуз менен дарыгерлерге тамак бышырып, аны таратып жүргөнүңүздү көрдүк. Ошондой эле обсервация ачыптырсыз. Кепти ошондон уласак...


- Ооба, учурда убактымдын кѳпчүлүгүн ошол жакта ѳткѳрүп, обсервациянын ишинен жакындан кабар алып жатам, силерге да  ошол жактан түз келдим. Обсервацияда кандайдыр кемчиликтер, жетишпестиктер болсо ыкчам түрдѳ чечип берип атам. Обсервация 40 оорулууга ылайыкталган. Учурда оорулуулар жаткырылып, аларга сапаттуу медициналык жардамдар берилүүдѳ. Тѳрт дарыгер, 2 санитарка, бир канча медайымдар иштешүүдѳ. Алар үчүн бардык шарттарды түзүп бердим. Медициналык персоналдын маяналарын ѳзүмдүн жаныман тѳлѳп берем, алардын эмгектери, мээнеттери татыктуу бааланат. Дарыланып жаткандардын жандарынан каржы кетпейт, бардык керектүү зарыл нерселер, дары-дармектер менен камсыз кылабыз. Алардын дарыланып, обсервациядан шыпаа таап чыгуусуна бардык шарттарды түзүп атабыз.  Бул иште мага туугандарым, жакындарым жардам берип атышат. Аларга ыраазымын.


Айта кетчү нерсе, ушундай эле стационарларды Пригородный, Васильевка, Ленинский, Октябрь, Молдовановка айылдарында да ачканбыз. Ал жерлерде да оорулууларды кабыл алып, медициналык жардамдар кѳрсѳтүлүүдѳ.


- Обсервацияны ачып, дарыгерлерге колдоо кѳрсѳтүүңүзгѳ эмне себеп болду?


- Себеби бирѳѳ гана. Мамлекетибизге ушундай сыноо келип, элибиз кыйналып, башыбызга оор мүшкүл түшүп турганда эч нерсе болбогондой  четте карап тура алган жокмун. Мага окшогон ишкер, мүмкүнчүлүгү бар жарандар элибизге, мамлекетибизге ушундай мезгилде жардам колун сунуп, колдоо кѳрсѳтпѳгѳндѳ качан жардамыбызды беребиз? Колуман келишинче жардамымды берип, элиме пайдамды тийгизейин деп ниет кылдым.


Мен кайрымдуулук иштерине башынан эле  маани берем, кѳп эле жардамдарымды берип келем. Бирок буга чейинки кайрымдуулук, меценаттык иштеримди айтчу эмесмин. Бул ирет  коомдо, эл арасында ЖК депутаттарына карата терс пикирлер, сындар кѳбѳйүп кеткендиктен, кѳрсѳтүп жаткан жардамдарымды элдин биле бергенин туура кѳрдүм. Мындай иштерди колго алуу менен мүмкүнчүлүгү бар жарандарга үлгү кѳрсѳткүм да келди. Муну менен аларды оор күндѳрү четте карап турбоого, колкабыш кылууга чакырып жатам десем болот. Айрымдар ѳзүн пиар кылып жатат дер ойлошу да мүмкүн. Бирок андай эмес, мен ѳзүмдү пиарлаганды эң жаман кѳрѳм. Мен үчүн кайрымдуулук иштеримди элдин  эмес, Жараткандын билгени, жардамды алгандардын билгени жетиштүү.


- Депутаттарга карата коомдо  терс пикирлердин кѳбѳйүп кеткендиги жашыруун эмес. Сиз дагы депутатсыз, ѳзүңүз андай сын пикирлерге кандай карайсыз?


- Бардык депутаттарды күнѳѳлѳѳ, аларды жаман кѳрүү  туура эмес. Парламентте чындап эл, мамлекет үчүн күйгѳн эл ѳкүлдѳрү кѳп. Ѳздѳрү даярдаган мыйзамдар аркылуу мамлекеттин социалдык, экономикалык ѳнүгүүсүнѳ, элдин турмуш деңгээлин жакшыртууга ѳз салымдарын кошуп жатышат.  Депутаттар деле эл арасынан чыккан адамдар. Эл депутаттарды ушул оор күндѳрү эс алууга кетип калышты деп сындап атышпайбы. Ооба, биз мыйзамдык укугубуздан пайдаланып каникулга тараганбыз. Бирок депутаттарды эс алып эле жүрүшѳт деп ойлоо туура эмес. Аз эмес депутаттар илдеттин жайылуусун токтотууга, вирусту жуктургандардын санын азайтып, ооруп аткандарды дарылоого каржылык, материалдык түрдѳ жардамдарын беришип, эл арасында жүрүшѳт.  Мисалы, спикерибиз Дастанбек Жумабеков, депутаттар Тѳрѳбай Зулпукаров, Бактыбек Жетигенов, Нурбек Тотонов, Айбек Алтынбеков, Абтандил Кулбараков, Эльвира Сурабалдиева  ж.б. бир катар эл өкүлдөрү элдин оорун колдон, жеңилин жерден алышууда.

 

- Айтыңызчы, коронавирусту канткенде жеңебиз деп ойлойсуз? Эмне кылуу керек?


- Илдетти жеңүүнүн бир гана жолу бар, мен аны баса белгилеп айткым келет. Баарыбыз биримдикте, ынтымакта болуп, колубузда бары да, жогу да коронавирусту токтотууга колкабыш кылышыбыз керек. Ѳлкѳбүз бүгүн кыйын кезеңде турат. Коронавирус бизди эле эмес, алдуу, кубаттуу ѳлкѳлѳрдүн да айласын, шаштысын кетирип койду. Абал башкаларда жакшы, бизде эле жаман дегенге болбойт. Бирок ар бир мамлекет ѳзүнүн каржылык, ж.б. мүмкүнчүлүктѳрүнѳ жараша ооруга каршы күрѳшүп атат. Акчасы кѳптѳр акчага басым жасап атса, башкалары элдин биримдигине таянууда. Биздин да илдетти жеңүүдѳгү күчүбүз – элибиздин биримдигинде. Элдин биримдиги – бул зор күч.


Кээ бирлер бүгүнкү абал үчүн  күнѳѳлүүлѳрдү издеп, жоопкерчиликтерин кароону талап кылып атышат.  Азыр бири бирибизди айыптап, күнѳѳлүүнү издей турган кез эмес. Бул тууралуу президентибиз да элге жасаган кайрылуусунда айтып, азыр  күнөөлүүлөрдү издөөгө убакыт жоктугун белгилеп, бардык  күч-аракеттерди түзүлгөн кырдаалдан чыгууга жумшоого чакырды. Эгерде элдин бүгүнү оор абалынан, оорудан, адам ѳлүмдѳрүнѳн саясат, акча жасап, элдин мүлкүнѳ кол салып, же келген жардамдарды туура эмес, жең ичинен тараткандар болуп жатса, алар эртеби, кечпи мыйзам алдында, Жараткандын алдында сѳзсүз жооп берет. Ушул маселеде да  президентибиз эң туура айтты. «Эгерде ушул абалдан пайдаланып, ѳзүн капчыгын кампайтууну ойлогон жарандар болсо, алар кыргыз элинин душманы. Аларга эч кандай аёо болбойт» деп айтпадыбы президент. Мен президенттин айтканына толугу менен кошулам. Андайларга карата катуу чаралар кѳрүлүп, жазалар колдонулушу керек.


- Сиз уйгур улутунун ѳкүлүсүз. Кыргызстандагы уйгур элинин ѳлкѳбүздүн ѳнүгүшүнѳ кошуп жаткан салымдары тууралуу айта кетсеңиз.


- Кыргызстанда 60 миңге жакын уйгурлар жашайт. Кыргыз элине рахмат, азчылыкты түзгѳн элдерге толеранттуулук менен мамиле кылышат, кыргыздар менен уйгур эли ынтымак, ырашкерликте жашап келишүүдѳ. Мен башка улуттарга сый менен мамиле кылган кыргыз элине таазим этем. Дүйнөдөгү эң мыкты улуттардын бири кыргыздар деп жүрөгүм менен айта алам. Кыргызстандын экономикалык, социалдык жактан ѳнүгүүсүнѳ уйгурлар да ѳз салымдарын кошуп жатышат. Кѳптѳгѳн жумуш орундарын камсыз кылган уйгур ишкерлери, коомдук ишмерлер бар. Уйгурлардын диаспорасы уйгурлардын кыргыздардын маданиятына, тилине карата  интеграциялануусу үчүн  чоң иштерди алып барып келет. Биз Кыргызстанда жашап жатканыбызга сыймыктанабыз жана мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн салым кошууга ар дайым даярбыз.


- Сиздин бүгүнкүдөй ийгиликке жетүүңүздүн сырын эмнеден көрөсүз?


- Туура коюлган максаттан, талыкпаган эмгектен, аракеттен көрөм. Армиядан келгенден кийин коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеп жүрүп, бизнеске аралаштым. Албетте, башында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок ишкерликте чоң ийгиликтерге жетем деген өжөрлүгүмдүн аркасында ал кыйынчылыктарды жеңдим. Күндөп, түндөп иштеген учурларым болду. Ошентип жүрүп тери жана тыбыт иштетүүчү эки завод ачтым. Ал заводдор азыр да иштеп,  аларда жүздөгөн адамдар жумуш ордулары менен камсыз болгон. 


- Үй-бүлөңүз тууралуу билгибиз келет. Балдарыңызды тарбиялоодо эмнелерди жетекчиликке аласыз?


- Мен баатыр атамын (күлүп).  12 балам бар. Аларга туура тарбия берип, коомдун татыктуу мүчөлөрүнөн кылуу үчүн жакшы тарбия берүүгө аракет кылып келем. Балдарыма ак эмгек, мээнет менен ийгиликке жетүү керектигин кѳп айтам. «Колуңардан келсе жардам бергиле, бирок эч качан бирөөгө жамандык, карасанатайлык кылбагыла» деген насаатым тарбиялоодогу башкы принциптерден.  Келечекте кыргыз элине, кыргыз мамлекетине кызмат кыла тургандай уулдардан, кыздардан болушуна аракет кылам. Өздѳрү  жашап аткан өлкөнүн тилин, маданиятын, үрп адат, каада салттарын билүүгө үндөйм. Мен бир нерсеге ишенем, келечекте балдарым мени уят кылбаган, Кыргызстанга, кыргыз элине кызмат ѳтѳп,  пайдаларын тийгизген адамдардан болушат.


- Кыргызстандын атуулу, ишкер, депутат катары ѳлкѳбүздүн келечегин кандай кѳрѳсүз?


- Кыргызстандын келечеги кең, өлкөбүздү жаркын келечек күтүп турганына ишенем. Ар кандай кыйынчылыктарды биримдик, ынтымак, сабырдуулук менен жеңип келген көп улуттуу элибиз бүгүнкү кырдаалда да биримдиктин зор үлгүсүн көрсөтүп жатат. Бекеринен Россиянын, Казакстандын жарандары Кыргызстандын элинин ынтымагына суктанып атышкан жок. «Кыргыздарды  карагылачы, азамат эл экен, кыйын күндө бир туугандай биригишип, коронавирусту жеңүүгө аракет кылып жатышат. Ар бир жаран колдоо көрсөтүп, бири акчалай, экинчилери материалдык түрдө жардамдарын беришүүдө. Мындай элдин келечеги кең, мамлекети өсүп өнүгүүгө жетишет» деген мазмундагы постторду социалдык тармактарга жазышпадыбы. Бул ар бир кыргызстандыкты сыймыктандырышы керек. Муну менен айтайын дегеним, ушундай кыйын күндөрдө «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаргандай» бириге билген элдин келечеги зор.


Учурдан пайдаланып жалпы кыргызстандыктарга кайрылып кетким келет. Биз, Кыргызстандын эли коронавирусту биримдик менен жеңебиз. Эң башкысы, ынтымагыбыз кетпесин! Ынтымак бар жерде ырыс бар дейт эмеспи кыргыз элинде. Ынтымактуу болсок, колубуздан баары келет. Ар бирибиз өзүбүзгө, жакындарыбызга жоопкерчиликте болуп, оорудан сактануунун талаптарын аткаруу менен апаатты жеңүүгө салым  кошо алабыз. Азыр бизге биримдик  жана бекем тартип керек!


Булак: "Супер Инфо" гезити


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн