Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Парижде болчу Олимпиада оюндары ачылыш салтанатысыз өтүшү мүмкүн

29.03.2024 12:17
974
Парижде болчу Олимпиада оюндары ачылыш салтанатысыз өтүшү мүмкүн


Франциянын ички коопсуздук боюнча башкы башкармалыгы Парижде болчу Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатын террордук кооптуулуктан улам өткөрбөөнү сунуштап жатат. Бул туурасында РИА Новости Europe1 радиостанциясына таянып билдирди.


Аталган башкармалыктын штаб-квартирасына ИИМ башчысы Жерар Дарманендин келишин күтүп жатканын кабарлашкан. Министр спорттук бул ири иш-чаранын ачылышында дүйнөлүк телекамералардын алдында болуп кетет деген кооптуулук кайсы жактарда жаралышы ыктымал деген сценарий менен таанышарын билдиришкен.


"Биз Б планына өтүшүбүз керек", — деген аталган ведомствонун маалымат булагы.


Ал спортчулардын Сенанын боюндагы парадын мурдагыдай сценарий менен өткөргөндө тобокелдик көп болорун белгилеген.


Жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн