Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:33
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Парижде кыргыз-француз кызматташтыгы талкууланды

15.12.2021 14:43
800
Парижде кыргыз-француз кызматташтыгы талкууланды

Нуран Ниязалиев менен Франциянын тышкы жана европа иштери министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Фредерик Мондолонинин деңгээлинде кезектеги кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


2021-жылдын 14-декабрында Париж шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Франциянын тышкы жана европа иштери министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Фредерик Мондолонинин деңгээлинде кезектеги кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү.


Диалогдун жүрүшүндө достук жана конструктивдүү маанайда кыргыз-француз эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий жана маданий өз ара аракеттенүүнүн азыркы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Француз тарап Парижде Кыргыз Республикасынын элчилигинин түзүлгөндүгүн кубаттады. 2022-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүү боюнча тараптардын ниети ырасталды. Кыргыз Республикасы менен Франция Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына келерки жылы Бишкек жана Париж шаарларында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.


Нуран Ниязалиев Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-француз өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү жана кош салык салууну болтурбоо жана инвестицияларды коргоо жаатында макулдашууларды түзүү, ошондой эле 2022-жылы кыргыз жана француз ишкерлери үчүн бизнес-форум уюштуруу аркылуу экономикалык, соода-сатык, инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгына токтолду. Француз компанияларынын Кыргыз Республикасындагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусуна оң баа берилип, өлкөдө европа ишкерлери жана инвесторлору үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттарды эске алуу менен бул багыттагы иштерди активдештирүү сунушталды.


Маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерине көп көңүл бурулду. Тараптар Бишкекте француз-герман маданияты институтун түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн шаарларынын, атап айтканда Бишкек менен Париждин жана Ош (Кыргыз Республикасы) менен Оштун (Франция) ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү демилгесин канааттануу менен белгилешти.


Тараптар эки өлкөнүн көп тараптуу дипломатиянын алкагында өз ара аракеттенүүсүн талкуулап, БУУ, ЕККУ, ЕБ, ЮНЕСКО жана башка эл аралык структураларда тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.


БУУдагы шайлоо процесстеринде эки өлкөнүн талапкерлигин өз ара колдоо жана эл аралык уюмдардын алкагындагы тышкы саясий демилгелерин илгерилетүү ниеттери ырасталды. Француз тарап "2022-жылды Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров тарабынан сунушталган БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын тең демөөрчүсү болуу чечими тууралуу маалымдады. Мындан тышкары, кыргыз тарап тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын резолюциясына Франция тарабынан колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


Тараптар ошондой эле Борбордук Азиядагы азыркы абал жана Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшү боюнча пикир алмашышты, ошондой эле аймактык коопсуздук, эл аралык терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана диний экстремизмге каршы туруу жана азыркы учурдун башка коркунучтары жана чакырыктары боюнча пикир алышты.


Саясий консультациялардын жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн