Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Парламент Адылбек Касымалиевдин Министрлер кабинетинин биринчи орун басарлык кызматына талапкерлигин колдоду

16.06.2022 17:53
816
Парламент Адылбек Касымалиевдин Министрлер кабинетинин биринчи орун басарлык кызматына талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна сунушталып жаткан Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги каралды.


Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.


Депутаттар талапкердин жогорку кесиптик сапаттарын жана олуттуу тажрыйбасын белгилеп, А.Касымалиевди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындоого макулдук беришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн