Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Парламент Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

06.09.2023 13:08
265
Парламент Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды


Бүгүн, 6-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам  долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

Конституциялык мыйзам  долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна  берүү аталган мыйзам долбоорунда каралып жатат. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору КР Конституциясына карама-каршы келерин баса белгилеп, конституциялык соттун чечимдери кайра каралбашы керектигин айтты. Депутат Мейкинбек Адалиев Кыргыз Республикасынын Президенти жана Конституциялык соттун төрагасы сыяктуу эле Жогорку Кеңештин Төрагасына да Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарын берүү маселесине көңүл бурду. Ал эми, депутат Медербек Алиев бул маселе Конституциялык соттун “матчество” боюнча акыркы кабыл алган чечимине байланыштуу экендигин айтып, соттун чечимдерин кайра кароо мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн