Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Парламент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды

26.06.2020 09:09
1126
Парламент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды


Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Демилгечилер — депутаттар Гүлшат Асылбаева («Өнүгүү-Прогресс») жана Айнура Осмонова (КСДП).


79 депутат мыйзам долбоорду кабыл алууга макул болсо, 10 депутат каршы добуш берди.


Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган.


Ошондой эле интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъектилерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн