Жогорку Кеӊеш Тентимишев Марлэн Бактыгулович менен Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевичти Судьяларды тандоо кеӊешинин мүчөлүгүнө бекитти.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул боюнча Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Эске салсак, Судьяларды тандоо кеӊешинин мурдагы мүчөлөрү Айбек Моңолов менен Тилектеш Бегалиев өз каалоолору боюнча кеңештин курамынан чыгып кетишкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн