Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды.
Жыйында Тилек Токтогазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аны аталган кызматка премьер-министр Садыр Жапаров сунуштаганын билдирди.
Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоп беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн