Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Парламент бизнес жасоочу борборго айлануу коркунучундабы?

21.09.2020 14:16
2064
Парламент бизнес жасоочу борборго айлануу коркунучундабы?


Парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт кампаниясы кызуу жүрүүдө. Маалымат айдыңында үгүт материалдары кайнап турат. Партия лидерлери жана жаш талапкерлери теледебаттарда бири-бирине сөөмөй кезеп, ошол эле убакта аймактарды кыдырып, «жалындуу» жана бал тамган сөздөрүн айтып жүрөт. 


Канчалык убадалар ширин жана «жалындуу» болгон сайын коомчулукта «Баарына каршы» добуш берүү чакырыктары да күч алууда. Анын үстүнө бул ирет шайлоого аттанган партиялардын басымдуу бөлүгү жаңы партиялар болгондуктан шайлоочулар кайсыл партияга токтолорун билбей турат. Ырас, эски партиялар да бар. Бирок, алардын катарынан өздөрүнө тааныш саясатчыларды кездештире албай убара тарткан шайлоочуларды да түшүнүү керек. 


Шайлоого аттанган саясий партиялардын көпчүлүгү өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын маалымат каражаттарына жарыялашты. Айрымдарынын таптакыр эле программасы жок экени билинди. Жөн гана оозеки убадаларды берүү менен чектелгендер арбын. Жалпы жонунан алып караганда бардык эле партиялардын алдыңкы беш жыл ичинде (парламенттин мөөнөтү 5 жыл да) өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландары жок. Конкреттүү кандай иш-аракеттерди жасай тургандыктарын түшүндүрүп берише элек. Жөн гана сулп-сулп убадаларды төгүлүп турат. Өзгөчө көңүл бура турган жагдай мындай, партиялар өздөрүнө алдын-ала эле өкмөттүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, күч структураларынын, алтургай соттордун ыйгарым укуктарын энчилеп алып, бири менен бири жарышып, аткарылбай турган убадаларды агызууда. Айрымдары ири энергетикалык жана өнөр жай обьектилерин курабыз дешсе, айрымдары президенттин институтун, УКМКны, прокуратураны жоюп салабыз деп турат. Ошол эле убакта социалдык төлөмдөрдү, пенсия, жөлөк пул, айлык акыларды 4-5 эселеп көтөрүп жиберебиз дегендер да бар. Ушулардын бирөөсү дагы айткандарын кайсыл жактан келген каражаттар менен ишке ашыра турганын айтыша элек. 


Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк саясий партиялар Жогорку Кеңештин эң негизги укугу эмнеде экенин, функциясы кандай экенин да билбей жатышканында болуп турат. Партиялардын программаларында жаңы мыйзам долбоорлору боюнча пландары жок, кадрдык талаптар боюнча өкмөткө кандай сунуштары айтылары белгисиз. Пандемиянын айынан кризиске кептелген өлкө экономикасын көтөрүү үчүн стратегиялык жана секторалдык пландары да байкалбайт. 


Бүгүнкү жарышка катышып жаткан партиялардын көпчүлүгү жакында эле түзүлө калгандар жана буга чейин электорат менен иштешкендери байкалбагандар. Тарыхый лидерлери да, платформалары да, конкреттүү программалары жана пландары да жок. 


Баса, баарынан кызыгы, бул партиялар өздөрү оңчулдарга, солчулдарга же борборчуларга кирерин билишпейт. Партия лидерлери өздөрү кандай идеалдар үчүн күрөшө тургандыктарын түшүнүшпөйт. Мисалы, социалисттердин катарында олигархтар, либералдардын катарында диктатуранын тарапташтары, оңчулардын катарында коммунисттер жүрөт. Бир сөз менен айтканда «саясий ботко». 


Жарышка түшкөн партиялардын дээрлик баарынын тизмесинин алдыңкы катарын караңыздар – акчалуулар. Жогорку кызматтарда отургандар, ири бизнес өкүлдөрү, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү, ири регионалдык кландардын лидерлери тизилип алган. Мына ушундайлар парламентке келсе, коомчулукка эмнени таңуулашы мүмкүн? Биз анда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргогон парламент эмес, олигархияга айланган парламентке ээ болобуз. Шайлоо алдындагы ширин убадалар заматта эстен чыгат. Жогорку Кеңешке өздөрүнүн монополиясын орнотуп, өздөрүнө ыңгайлуу мыйзамдарды коргоп, бизнестерин бекемдеп жана өнүктүрүүнүн үстүндө иштешет.  


Коркунучтуусу ушундай сценарий жүзөгө ашып кетиши толук мүмкүн болуп турат. Коронавирус пандемиясынан улам карантинде отуруп, каражат жагынан бир топ каржалып калган эл акчага да азгырылып кетиши мүмкүн. Анан добуштарды акчага сатып алган олигархтардын бийлиги орноп калат. Демек, кыйналсак да акчага алданбай, 16 партиянын ичинен тазаларын акылга салып тандап ала турган жолдобуз. Адашуу менен туура жолду тандоонун ортосу бир кадам болуп турат.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Айпери
Кудай сактасын андайдан андай парламенттен, Эл Оз журогунордогуну шайлагыла
Иличбек Нышанбаев
Ойлонгула
Таалай Имашев
Сатылбагыла
Каке
Кандай болсо дагы келеерки парламентке татыктуулар ткелишсин
Бакыт Иманалиев
Сатылбашкерек