Ушул 6-чакырылыштагы парламент депутаттары элдин эсинде өзгөчө кала турган болду. Болгондо да оң жагынан эмес, жалаң тескери жактары менен. «Чимкирик парламент» деген лакап ат да ушул чакырылышка гана таандык болду. Билимдүүлөрү, маданияттуулары, интелектуалдык деңгээли дурустары да бар, бирок көчө балдарынын деңгээлиндегилер басымдуулук кылып келатканын кантип танабыз?
Бул чакырылыштагы парламент учурда үчүнчү бийлик менен иштешип жатат. Адегенде Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин камчысын чаап келишти. Президенттик аппарат тарапты карап, алардын берген көрсөтмөлөрүн так аткаруудан калышкан эмес. Андан кийин Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин көзүнүн кареги менен иш алып барышты. Эми болсо алдыда өтүүчү президенттик шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү олуттуу болуп турган Садыр Жапаровдун адамдарынын «дирижерлугу» алдында иш алып барууга өтүштү.
Эсиңиздерде болсо керек, буга чейин парламенттин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбооруна окубай туруп эле колдорун коюп, демилгечи болуп чыга калышкан. Анан коомчулукта ага карата нааразы пикирлер айтыла баштаганда бир нечеси өз колдорун кайра аркага чакыртып да алышты. Ошентип 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен чогуу жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум да жасап жиберели деген тилектери таш капкан.
Анын ордуна 10-январда башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өткөрүп жиберели (президенттик шайлоо менен бирге) деген маанайдагы Садыр Жапаровдун сунушунан кийин депутаттар ушул багытта ишке катуу киришти. Кече 3-декабрда башкаруунун формасы боюнча референдум мыйзамы тиешелүү комитеттен өткөн жок. Демек, ал жалпы жыйынга чыкпашы керек эле. Тилекке каршы, бул жерде да депутаттар көнгөн адаттары менен «талпак» деңгээлине түшүшүп, мыйзам долбоорун көпчүлүгү колдорун билдирип, бирок добуш берүүнү уялгандарынан гана кийинкиге жылдырып коюшту. Демек, кийинкиге чейин макул болбой жаткан депутаттарды да көндүрүүгө аракеттер жасалат деп түшүнө берсек болот.
Мындай аракеттери менен депутаттар кийинки парламенттик шайлоодо кайрадан мандат тагыналы деген үмүттө болуп жатышканын байкоого болот. Ушундай жол менен бир адамдын көзүн карап отурушуп, алар парламенттик системаны талкалап жатышканын түшүнбөй жатышкансыйт. Эгер президенттик башкарууга толугу менен өтүп алсак, анда булар бир адамдын көчүгүнүн артынан ээрчип төшөлө калчу «талпак» болушат окшойт.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн