Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында шайлоо босогосун тогуз пайыздан беш пайызга ылдыйлатуу боюнча каралган мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.
Долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыккан. Ал эми ал 7-февралда коомдук талкууга чыгарылган.
Эске салсак, Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз, 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайызга, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн