Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Парламент талаш жараткан кумаркана мыйзамын кабыл алды

22.06.2022 21:11
660
Парламент талаш жараткан кумаркана мыйзамын кабыл алды


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Кыргызстанда казино ачууга уруксат берүү жөнүндө" мыйзам долбоору талаш-тартыштан кийин кабыл алынды деп тапты.

Белгилей кетсек, буга чейин төрт жолу добушка коюлганда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын бардык мүчөлөрү (6 депутат) жана "Ыйман Нурунун" лидери добуш бербей коюп, мыйзам ара жолдо калган. Алар ушундай жол менен мыйзамды өткөрүүгө каршы пикирин билдиришкен. Андан соң танапис жаряланып, төрага фракция лидерлерин кеңешүүгө чакырган.

Андан кийин депутат Дастан Жумабеков талаш учурда Конституция түздөн-түз иштей турганын айтты. Анда "мыйзам долбоорлору көпчүлүк добуш менен кабыл алынат" деп жазылган. Андан соң ЖК аппаратынын юристи дагы чыгып ушул норманы айтты.

Көпкө чейинки талаш-тартыштан кийин ушундай жүйө менен спикер кайрадан добушка (экинчи окууда) койду. Анда дагы "Бүтүн Кыргызстан" добуш бербей койду. Ал эми 59 депутат "макул", жетөө "каршы" добуш берди. Үчүнчү окууда добушка койгондо дагы жыйынтык ушундай болду.

Белгилей кетсек, парламенттин регламенти боюнча, жыйынга катышып жаткан бардык депутат добуш бериши керек. Болбосо мыйзам долбоору өтпөйт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн