«Жаштар бийликке келсин!», «Жаштар саясатка аралашсын!» деген ураандар 2010-жылдан бери модага айланган ураан болду. Ал кайсы бир деңгээлде Алмазбек Атамбаевдин доорунда ишке ашты. Саясаттан жана жогорку мамлекеттик кызматтардан жаңы жүздөрдү көрө алдык. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгүнүн саясий карьерасы ашып кетсе алты жыл менен аяктады. Айрымдарынын саясий карьера менен кошо тагдырларына да балта чабылып калды. Муну Бишкек ТЭЦине байланыштуу соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүп турат. Эмнеге бул жаштардын саясий карьерасы мынчалык кыска болду? Жообун чечмелеп көрөлү.
Азыркы тапта дагы «Парламентке жаштар, жаңы жүздөр келсин» деген күчтүү дем менен айтылган ураандар угулуп турат. Алдыда парламенттик шайлоо жакындап келатат. Демек, ураан өз убагында айтылууда. Тээ СССР доорунда «Комсомол самолетко!» деген чакырык бар эле. Анда таптакыр башка максаттар, таптакыр башка жашоо образы эле. Жаштарды эмгекке, тажрыйба топтоого, улуулардан үлгү алууга үндөп турушчу. Андагы жаштардын көздөрүндө жалын бар болчу. Алар бийликке гана жетүү үчүн эмес, өз өлкөсүнүн бакубат жашоосуна жеке салымын кошуп калуу максатын көздөйт эле.
Азыр болсо жаштар парламентке келсе гана тоону томкоруп, ойду омкоруп жиберет элек дегендей позицияда. Кызыгы, саясатты көздөгөн жаштардын дээрлик баары өздөрүн буга чейинки жана учурдагы саясатчылардан жогору эсептешкендеринде. Чынында эле ошондойбу?
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө парламенттик шайлоого аттануу үчүн партиялардын катарына кошулган жаштардын көпчүлүгү өздөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө, деги эле каржы маселелерин чечүүгө кудуреттүү эмес. Алардын баарынын артында жашыруун демөөрчүлөрү бар. Мунун жаап-жашыра турган эч нерсеси жок. Кыргызстандагы партиялар башынан эле парламентке гана жетүү керек деген тапшырма менен түзүлгөн саясий ишканадай эле кейипте. Ал эми ар кандай ишкананын ээси, директорлор кеңеши, акционерлери жана катардагы кызматкерлери болот. Ошол сыяктуу эле саясий партиялардын ар биринин артында өзүнүн кожоюну жана аны каржылаган демөөрчүлөрү бар. Ал демөөрчүлөр же өздөрү партиянын алдыңкы тизмесинде болушат, же болбосо өздөрүнүн адамын киргизет. Анан шайлоочулардын көзүн будамайлоо максатында анча-мынча аялдарды, анча-мынча башка улуттун өкүлдөрүн, акчасы жок жаштарды тизменин арт жагына кошуп коюшат. Эми элестете бериңиз, кайсыл бир демөөрчүнүн акчасы менен парламентке келген жаш депутат эркин боло алабы? Реалдуу эмес. Себеби, аны депутат кылып алып келген демөөрчү акчасын жөн гана талаага чача бербейт эмеспи. Өз доорунда Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Жанар Акаев тууралу Атамбаев убагында “балашка” деп эмнеге нааразы болгонун эстеп көрсөңүз?
Ошентип партиянын “акциясынын” негизги ээлери ири жана орто бизнестердин өкүлдөрү болуп саналат. Анан алар өздөрүнүн жаш депутаттарын парламентке өткөрүп алып, алар аркылуу кайра өз бизнестеринин “арыгын” тазалап турушат.
Алдыда өтө турган парламенттик шайлоого да жаш талапкерлер аттанып турат. Алардын айрымдары эгемендик алгандан бери саясатта жүргөн карт саясатчылар менен биригүүгө барды. Азыртадан эле парламентке кайсыл партиялар келиши мүмкүн экени да түшүнүктүү болуп калды. Алардын кайсылары коалициялык көпчүлүктү курап, кайсылары формалдуу түрдө оппозицияда каларын да божомолдоого болот. Ошентип парламентке катуу дем менен келген (шайлоочулардын алдында жалындуу сүйлөй берсе болот, бирок парламентке өткөндөн кийин “тизгинин тартчулар” чыгат) жаштар бат эле кожоюндарынын айткан-дегенинен чыкпаган ийкемдүү депутатка айланышат.
Демек, эмнени түшүндүк? Биздин саясатка аттанган жаштар парламентке келгенге чейин эле акчалуулардын “туткунуна” түшүп калып жатканын түшүнөбүз. Анан “туткундагы” жаш депутаттар кантип жаңы өзгөрүүлөрдү жасай алмак эле? Баса, макаланын башында айткан Атамбаевдин убагындагы жогорку кызматтарга келген жаштар дагы дал ошол “туткунга” түшкөн абалдарынан улам азыркыдай тагдырга тушугуп турушат.
Канатбек АСКАРОВ
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн