Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Парламентте Эсептөө палатасы менчик компанияларды текшерүүгө акысы жок экени айтылды

12.03.2020 16:37
904
Парламентте Эсептөө палатасы менчик компанияларды текшерүүгө акысы жок экени айтылды


Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары бүгүн, 12-мартта Эсептөө палатасы жеке менчик компаниялардын ишин текшерүүгө таптакыр акысы жок экенин, бул анын мыйзамда белгиленген иш-милдетине карама-каршы келерин айтышты.


Ал эми айрым депутаттар Эсептөө палатасынын жеке менчик компанияларды текшергени туура экенин, бирок мамлекеттик бюджеттин каражаты пайдаланылса, текшерилгени туура болорун белгилешти. Укук коргоо органдары текшерүүгө жеке менчик аудиттик фирмаларды тарта алат. Ал үчүн Салык кызматынын текшерүү жыйынтыгына байланыштуу козголгон кылмыш иши негиз болууга тийиш.


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков иштеп жаткан мыйзамда ушундай эле жоболор бар экенин белгиледи.


Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, өткөн жылы палата укук коргоо органдарына 1,1 млрд сом көлөмүндөгү материалдарды өткөрүп берген: прокуратура органдарына – 35 материал, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына – 5 материал, Иички иштер министрлигине – 1 материал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн