Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаков атындагы орден негиздөө сунушталды.
Мындай демилгени депутат Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңеште көтөрдү. Ал мамлекеттик жана саясий ишмердин эмгектерин тизмектеп, алар согуштан кийинки мезгилде өлкө өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошконун белгиледи.
Темирбаева бул орден мамлекетке ак ниет кызмат кылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон ишкерлерге ыйгарыларын белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн