Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Парламентте Сеид Атамбаевдин абалы начарлап, сүйлөй албай калды

21.09.2023 15:30
336
Парламентте Сеид Атамбаевдин абалы начарлап, сүйлөй албай калды


Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Сейдбек Атамбаев Нижняя Ала-Арча жана Орловка айылдарындагы ооруканалардын абалы боюнча маселе көтөрдү.


Анын айтымында, медициналык мекемелердин абалы кейиштүү.


Бирок, эл өкүлү оюн бүтүрө албай, сөзүн токтотту. Ал жыйын учурунда өзүн жаман сезип, кийин залдан чыгып кеткен.


Эл өкүлүнүн консультанты Гүлбарчын Медетбекова депутаттын жүрөгү ооруп калгандыктан сөзүн токтотууга мажбур болгонун билдирди.


"Сеид Алмазбекович өзүн жаман сезип жатканын көргөндө мен дарыларын алып барып бердим. Андан соң жыйындан чыгып үйүнө кетти. Абалы начарлаганына байланыштуу сөзүн аягына чыгара албай калды", — деди консультант.


Ал негизи эле депутаттын жүрөк оорусу бар экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн