Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Парламентте ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү

07.02.2024 10:52
164
Парламентте ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 7-февралдагы жалпы жыйынында Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселесин көтөрүштү.


Депутат Эмил Токтошев бул маселени Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында карап чечим кабыл алып, жалпы жыйынга алып чыгуу сунушун берди.


“Ушул заманда жашап атып 60-70 жыл мурунку техниканы иштете албай атабыз. Бул жерде атайын уюштурулган эч нерсе жок. Бул шалаакылык, ишин билбегендик. ЖЭБде бир жылды үч жолу директор алмашкан. Кудай сактап түн ичинде жарылуу болуптур. Күндүз жарылса эмне болот эле? Ушундан улам канча деген экономикалык чыгым болду?”, - деди ал.


Ушундай эле маселени депутат Дастан Бекешев да көтөрдү.


Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов ЖЭБдеги аварияны мекемелер аралык комиссия иликтеп жатканын, жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке маалымат берилерин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн