Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Парламентте дарыканадагы наркоманиянын деңгээлин төмөндөтүү маселеси көтөрүлдү

26.01.2024 10:43
158
Парламентте дарыканадагы наркоманиянын деңгээлин төмөндөтүү маселеси көтөрүлдү


Дарыканадагы наркоманиянын деңгээлин төмөндөтүү максатында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Бахридин Шабазов демилгелөөдө. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.


Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылы күчтүү таасир этүүчү дарыларды колдонуунун 500 учуру катталган. Көбүнчө 14 жаштан 18 жашка чейинки адамдар колдонушууда.


Күчтүү дарыларды колдонуу көз карандылыкты жаратышы мүмкүн, кийинчерээк көбү күчтүү дарыларга өтүшөт.


«Анализ көрсөткөндөй: күчтүү таасир этүүчү баңги заттарына көз каранды болуп калгандардын 40 пайызы айрым адамдардын азгырыгынан улам мындай жолго аралашкан. Алдын алуу иш-чаралары жарандарды азгыруу менен алектенген адамдарга каршы эч кандай тоскоол боло албайт», - деп айтылат негиздемеде.


Мыйзам долбоору күчтүү таасир этүүчү баңги каражаттарына кирген заттарды керектөө үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилөөгө жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн