Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Парламентте депутаттар төрагага каршы чыгышты

25.10.2023 12:32
395
Парламентте депутаттар төрагага каршы чыгышты


Социалдык тармактарда желекти өзгөртүү маселеси кызуу талкууланып, колдонуучулардын басымдуу бөлүгү өзгөртүүгө каршы, деп билдирди депутат Мирлан Самыйкожо 25-октябрда парламенттин жыйынында.


«Биздин желегибизде бул нурлар, оттун белгилери. Аны түз кылсак, ”лопух” болуп калат. Кыргызчасы уйгак. Бизде башка дагы көп иштер бар. Башка иштерге эмес, тууга көңүл бурсак, эл бизди кечирбейт. Бул 30 жылдан бери биз менен бирге келе жаткан желегибиз», - деди ал.


Эгер депутаттар бул маселеге дагы кайрылышса, депутат кыргыз желегинин мааниси тууралуу сөз кылууга даяр экенин билдирди.


Ал эми спикер Нурланбек Шакиев принципиалдуу өзгөрүүлөр тууралуу сөз болуп жаткан жок деп жооп берди.


«Кечээ авторлор менен жолуктук, алар өздөрү желектин баштапкы вариантын тааныбай турганын айтышты. Түндүк кандай экенин караңыз. Биз жөн гана баштапкы версиясына кайтууну көздөп жатабыз. Тундукту караңыз, түндүккө ошоп жатабы?», - деп сурады.


Самыйкожо туура эмес нерсени оңдошубуз керек деп макул болду. "Бирок, биз 30 жылдан бери туура эмес желекти желбиретип келген экенбиз да?" - деди.


— Туура, — деп жооп берди төрага.


Самыйкожо каршы чыкты. «Ким туудагы күндү күн карама деп атаса, ал өзү да күн карама» деп ачууланды.


Ал парламенттин эртеңки жыйынында кыргыз желегин өзгөртүү маселесин талкуулоо үчүн убакыт талап кылды. Анын пикиринде, бардык тараптарды, анын ичинде эл өкүлдөрүн да угуш керек.


Спикер Самыйкожого бул маселе парламенттин жыйынында каралып жатканда сүйлөй турганын айтты.


Депутат Эрулан Көкулов өмүр бою ушул желек менен жашап келгенин билдирди: «Анан 30 жылдан кийин бул өзгөрүүлөр... Алар үчүн бул баштапкы вариант болсо, жеке мен үчүн бул өзгөртүүлөр болот. Биз элдин үнүн угушубуз керек. Эл эмне десе, ошол сөздү ушул жерге жеткиришибиз керек. Бул биздин жоопкерчилигибиз».


Төрага дагы бир жолу күн тартибине өтүүгө чакырды.


Депутат Кундузбек Сулайманов бүгүн желек маселеси көтөрүлбөшү керек эле дейт. Ал спикер депутаттарды өзүнчө чакырып, түшүндүрүп бериши керек болчу деп эсептейт.


«Кечээги бала келип, өзгөрүүлөрдү айтып жатат... Мунун баарын четте эле талкуулап койсок болмок», - деди ал.


Буга чейин желекти өзгөртүү темасында сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн