Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Парламентте ишкерлерди колдогон жаңы саясат иштелип чыгууда

01.05.2020 17:57
1619
Парламентте ишкерлерди колдогон жаңы саясат иштелип чыгууда

 

Жакынкы аралыкта ишкерчиликти жакшыртууга багытталган жана өлкөнүн экономикалык каатчылыктан чыгуусуна шарт түзгөн бир катар мыйзам долбоорлор иштелип чыгат. Бул тууралуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештен маалымдашты. 


Анда белгиленгендей, Жогорку Кеңеш жакында жаңы экономикалык эркиндикке жана аны өнүктүрүүгө карата акт кабыл алды, анда ишкердик аракеттерди жүзөөгө ашырууну жакшыртуу боюнча чаралар каралган. Бул бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин, бизнести өнүктүрүү жана ишкердүүлүк боюнча эксперттердин биргелешкен аракеттери менен ишке ашырылат.


Документте жазылгандай, COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономикалык кризистин кесепеттеринен Кыргызстандын экономикасы өтө начар абалга туш келди. Экономика министрлигинин акыркы болжолдоолору боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 2020-жылы 6,8 пайызга кыскарышы ыктымал.


Өкмөттүн берген баасына ылайык, жыл аягына чейин республикалык бюджеттин төмөндөөсүнүн минималдык көлөмү 400 млн долларды түзөт.

 

Өлкөнүн экономикасынын 40 пайызын түзгөн чакан жана орто бизнеске эң эле терст таасирин тийгизип жатат. Бизнес-коомчулугуна көрүнөлүк колдоо кылбаса компаниялардын массалык түрдө жакырланып кетүүсүнө алып келет. Мындай учурда экономикалык кризис жумушсуздук, элдин жакырлануусу жана бюджеттик кирешелердин төмөндөшү узак убакытка созулушуна алып келет.


Экономикалык каатчылыктан чыгуу үчүн тез арада социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган, жарандарды колдогон жана алардын ишенимине кирген жаңы экономикалык саясат керек”, - деп жазылат актыда.

 

Бизнесмендер жана депутаттар жаңы экономикалык саясат мамлекеттик чыгашаларды ички дүң продукциясынан 25 пайызга чейин кыскартууга багытталышы керек, ал эми мамлекеттик боюджеттин тартыштыгы ички дүң продукциясынан 3 пайызга азайышы керек, деп эсептешет.


Ошондой эле мамлекетке социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн кыскартып, социалдык салыкты киргизүү жана чогултулган пенсиялык системага өтүү сунушталат. Бизнестерди текшерүү толугу менен санариптик форматта жүргүзүү, ишкерчиликти тескөөнүү кыскартуу жана экономикалык кылмыштарга каршы аракеттенүү сунушталат.


Мындан тышкары бийлик жеке менчик укугун коргоону камсыздап, инвесторлор үчүн кепилдик болуп жана ири улуттук инфраструктуралык долбоорлорду, ошондой эле жаңы инвестициялык кодекстерди кабыл алуусу зарыл.


Булак: 24.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн