Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Парламентте коронавирус боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатат

19.03.2020 10:35
693
Парламентте коронавирус боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатат


Жогорку Кеңеште бүгүн, 19-мартта жалпы жыйында өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулуп жатат.


Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда коронавирус боюнча абал тууралуу маалымат берип жатат. 


Анын айтымында, азыр өлкө боюнча абал тынч. Бул илдеттин жайылып кетүүсүнө тынчсызданып дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Баа саясаты, азык-түлүктүн запасын камсыздоого көзөмөл болуп турат. 


Премьер-министр дары-дармек, бет каптар боюнча тартыштык орун алып жатканын моюнга алды.


"Бет капты дүйнө жүзү боюнча негизги өндүрүүчү бул - Кытай болуп саналат экен. Ошондуктан ушундай тартыштык орун алып жатат", - деди ал.


Ошондой эле, премьер-министр бул ооруну жеңүүнүн 3 гана жолу бар экенин айтты. Биринчиден тартипти туура сактоо, экинчиден өздүк гигиенаны туура жүргүзүү жана үчүнчүдөн башка бирөөгө жугузуп албоодон оолак болууну эске алып жоопкерчиликтүү болсо ооруну бат эле жеңсе болорун, бул согуш эмес экенин баса белгиледи. 


Белгилей кетсек, Өкмөттүн маалыматы кечээ, 18-мартта угулмак бирок өкмөттүн суранычы менен бүгүн отчет берилмей болгон. 




   


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн