Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 11:49:45
USD
87.40
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.025
1.065

Парламентте мектепте акча чогултууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды

28.11.2024 09:51
201
Парламентте мектепте акча чогултууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды


Кечээ, 27-ноябрда, парламент мектептеги акча чогултууга тыюу салган мыйзамды үч окууда кабыл алды.


Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеванын демилгесине ылайык, мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалса жеке жактар 40 миң, юридикалык тараптар 60 миң сом айып төлөйт. Муну көзөмөлдөө ИИМге жүктөлөт.


Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда ата-эненин ыктыярдуу түрдө берген материалдык көмөгү мыйзам бузуу болуп саналбай турганы айтылды.


Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн