Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Премьер-министрдин ушундай учурда эс алып жатканы туура эмес

03.06.2020 11:09
1020
Премьер-министрдин ушундай учурда эс алып жатканы туура эмес


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ушундай кыйчалыш абалда эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенине мен түшүнгөн жокмун, деп билдирди депутат Максат Сабиров бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында.


Анын айтымында, учурда кошуна өлкөлөр менен болгон чек ара жаңжалдары курч алып жатат. Пандемияга байланыштуу абал тынчый элек жана карантин толугу менен алына элек.


Ушундай шартта өкмөт башчынын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенине түшүнгөн жокмун. Армениянын премьер-министри Пашинян коронавирус жуктуруп алып үйдө отуруп алып иштейм деп жатат, а биздин премьер эс алганга кетти. Бул боюнча коалициялык көпчүлүк, Жогорку Кеңеш реакция кылуу керек. Вицелерге тапшырып коюп эс алып жатканы туура эмес. Азыр сиздер бекиткен өкмөт деп бизге шек келип жатат. Ушул маселени кароого сунуш киргизем”, - деди Максат Сабиров.


Төрага Дастанбек Жумабеков эртең, 4-июнда чек ара боюнча маселелерди кароо боюнча күн тартибине кирип жатканын, ошол учурда караса боло турганын билдирди.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн