Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 17:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Парламентте "Каркыра" бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды

18.09.2024 12:42
54
Парламентте "Каркыра" бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызстан өкмөтүнүн жана Казакстан өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорун Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев тааныштырды. Ал белгилегендей, макулдашууга "Каркыра-автожол" өткөрүү пунктунун "күндүзү" иштөө режимин "күнү-түнү" иштөө режимине алмаштыруу бөлүгү каралган.

"Каркыра-автожол" өткөрүү пунктунун иштөө режимине өзгөртүү киргизүү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, ошону менен бирге ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү, инфра түзүмүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн