Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Парламентте саясий партияларды мамлекеттен каржылоо мыйзамы демилгеленди

20.05.2020 17:58
1242
Парламентте саясий партияларды мамлекеттен каржылоо мыйзамы демилгеленди


Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн, 20-майда “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды, долбоор боюнча демилгечилердин бири депутат Айнуру Алтыбаева маалымат берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты – саясий партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоо, партиялардын финансылык отчеттуулугунун ачыктыгын камсыз кылуу болуп саналат. Концепцияга ылайык, талапкерлердин 60 пайызын аялдар түзө алат, башка улуттун өкүлдөрүнөн 20 пайызга чейин катыша алат. Өнүккөн Прибалтика өлкөлөрүнүн саясий партияларды өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары эске алынганын кошумчалады депутат. 

Депутаттын айтуусунда, коомдук талкууда, коомдук угууда жана комитеттерде каралып жатканда көптөгөн сунуштар берилип, эске алынды.

Депутат Эльвира Сурабалдиева учурда саясий партиялар 100 миллиондогон сомдорду коротуп жатканы тууралуу коомчулукта көптөгөн сындар айтылып жатканын айтып, мамлекет өз бюджетин толтура албай жаткан кезде партияларды өкмөттүн бюджетинен каржылоо саясатын киргизүү азырынча эрте экенин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамынын жаңыланган редакциясын колдой турганын билдирип, бардык жагынан ар тараптын сунуштарын эске алып негиздүү кабыл алынган чечимдердин негизинде гана ишке ашат, деген ойдо. 

Депутат Алтынбек Жунус уулу чек ара маселесин, социалдык көйгөйлөрдү, экономикалык кризисти жоё албай жаткан шартта бюджеттен каржылоого болбой турганын белгилеп, мыйзам долбоорун колдобойт экенин ачык айтты.    

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдилкадыр Токтомушов.
Саясий партияларды бюджеттен каржылоо бугунку кундун маселеси эмес.Кийинки беш жылдыкта караса болгудай себеби азыркы кундо бюджеттин жыртыгын толтура турбай мезгилде туураэмес го.Прибалтика олколоруно жетиш учун Айнур Алтыбаева дагы 40 жыл жашаш керек болот го дейм.